Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабыры №4
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөмамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим тууралуу
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтоктому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүпберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү Жобонун негизинде айыл кенешинин 29.12.2018-жылдагы №27-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл менен МСКБ нын Ала-Бука району боюнча башкармалыгы ортосундагы “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөөткөрүлүпберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы тартиби жөнүндөгү түзүлгөн келишим 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.
2. Ак-Коргон айыл аймагынын ФЭБ башчысы Г.Хамрабаевге бул келишимди жүзөгө ашыруу боюнча керектүү иш-чаралар иштеп чыгуусу милдеттендирилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |