Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабыры №6
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн14.04.2017-жылдагы №12-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймактык Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү Жобо бекитилсин.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Ак-Коргон айыл аймактык комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн.
Ырысбеков М – жарандык активист, комиссиянын төрагасы.
Инамов М – айылдык кеңештин төрагасы, төраганын орунбасары.
Стамбеков Д – айыл өкмөтүнүн адиси, комиссиянын катчысы.
мүчөлөрү:
Ражаббаев Г – аксакалдар сотунун төрагасы.
Давранова Б – аялдар комитетинин төрайымы.
Орозбаева Ж – айылдык кеңештин депутаты.
Турсунов З – айылдык кеңештин депутаты.
Исманов Ю – айылдык кеңештин депутаты, аксакалдар сотунун төрагасы.
Абдувахапова Ф – жарандык активист.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык – техникалык жактан камсыздоо жергиликтүүбюджетте каралган каражттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловго тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |