Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабыры №7
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №690 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2018-жылдын 25-майындагы токтомунун, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 07.06.2018-жылдагы №44 токтомун ишке ашыруу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 29-декабрь 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүмаксатында айыл аймакта жайгашкан калктуу конуштардагы көчөлөрдүн аталышын тактоо жазуу, турак жай жана турак жай эмес курулуштарды номерациялоо үчүн200000 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажратылып берилсин.
2. Тиешелүүдокументтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин финансы маселелер, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |