Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №3
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндөгү№255 Мыйзамына ылайык, айыл кенештин аймагында жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналган жер салыгын эсептөө зоналдык К3 коэффициенттерин тармактар боюнча 0,3 төн 1,2-чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 21-январь 2019-жылдагы кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндөгү№255 Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №255 Мыйзамына ылайык айылдык Кенештин аймагында мүлк жана чарбасына арналган жер салыгын эсептөө зоналдык К3 коэффициенти белгилөө жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешининфинансы экономикалык бөлүмүнө жана айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |