Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-майы №1
Ак-Коргон айыл аймагындагы Падек айылынын тургундарын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы Падек айылынын тургундарынын Падек айылындагы №9 “Т.Жоробаев” жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы имаратына Ж.Тойчубековдун наамын берүүнү сурап жазган арызын карап чыгып, Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 8-майындагы 2019-жылдагы кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Падек айылындагы №9- “Т.Жоробаев” жалпы орто билим берүүчүмектебинин жаңы имараты Т.Жоробаев орто мектебинин имараты экендиги эске алынсын.
2. Айылда жаёы 2-мектеп ачуу тийиштүү жогорку мамлекеттик органдардан уруксат берилгенге чейин мектептин наамын өзгөртүү мыйзамсыз экендиги белгиленсин.
3. Токтомду арыз ээлерине түшүндүрүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешининукук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |