Загрузка документа…
КАРА КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-августу №2
Айыл аймагында Сугат айдоо жерлерин башка категорияга(трансформациялоо) жөнүндө
«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлерден башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин турак-жай курууга берилип кеткен сугат айдоо жер аянттарын калктуу конуштун жерлер категориясына которуу тууралуу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлерден башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин турак-жай курууга берилип кеткен сугат айдоо жер аянттарын калктуу конуштун жерлер категориясына которуу максатында Кыргыз Республикасынын кмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомунун негизинде 114,3га сугат жерлерди которуу (трансформациялоо) жагы Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн токтому менен бекитилишине сунушталсын.
2.Айыл аймагындагы калктуу конуш категориясына которууга сунушталган Кызыл-Туу айылы боюнча; №1893 контур 27,0га, №1853 контур 4,8га, №1855 контур 11,1га, №1896 контур 7,50 га, №1894 контур 1,0га, №1891 контур 6,5 га.
Кара-Булуң айылы боюнча; №1718 контур 12,9га, №1619 контур 10,4га, №1721 контур 2,8га, №1713 контур 1,5 га, №1555 контур 4,3 га, №1553 контур 18,8га, №1557 контур 10,3га, №1715 контур 0,70 га, №1553 контур 13,5га.
Кара-Коюн айыл өкмөтү боюнча жалпысы 114,3гектар сугат айдоо жер аянтынын тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынын кароосуна жиберүү айыл өкмөттүн башкы адиси М.Айдаралиевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов. |