Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №42/4
Кочкор райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине ремонт жүргүзүү жөнүндө
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировдун маалыматын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Кочкор райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби райондук мекеме экендиги, бирок Кочкор айыл аймагында жайгашып, спорттук мектепти пайдалануучулар жергиликтүү жаш өспүрүмдөр жана тургундар экендиги белгиленсин.
3. Кочкор райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебин ремонт кылууга келип жаткан гранттык түрдөгү акча каражатын айыл аймагындагы жаш өспүрүмдөрдү спортко тартуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында пайдалануу үчүн Кочкор айыл өкмөтүнүн балансында турбаган аталган спорттук мектепти ремонт кылууга уруксаат берилсин.
4. Келип жаткан гранттык акча каражатын мыйзам чегинде максаттуу пайдалануу, жүргүзүлө турган иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков. |