КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылды кеңешинин кезексиз XXXХII сессиясы
2019-жылдын 15-майы №42/5
Т.Ж.Медеркуловдун өздүк турак жайын өткөрүп алуу жөнүндө
Т.Ж.Медеркуловдун Кочкор айылынын Токтогул №57 көчөсүндө жайгашкан өздүк турак жайын өткөрүп алуу жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировдун маалыматын угуп, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Ж.Медеркуловдун Кочкор айылынын Токтогул №57 көчөсүндө жайгашкан өздүк турак жайы тийешелүү жер тилкеси менен Кочкор айыл өкмөтүнүн өздүк балансасына акысыз жана кайтарымсыз түрдө бала-бакча ачуу үчүн пайдаланууга өткөрүлүп алынсын.
2.Кочкор айылынын токтогул №57 көчөсүндө жайгашкан турак жайды тийешелүү жер тилкеси менен өткөрүп алууга жана тийешелүү документтерди бүткөрүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков. |