Загрузка документа…
КАРА СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №8/5
“ Кара-Суу Ак-Мээнет ” ачык акционердик коомунун Кара-Суу шаарында акыр-чикирлерди ташуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаарында акыр-чикирлерди ташуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери боюнча “ Кара-Суу Ак-Мээнет ” ачык акционердик коомунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу шаарынын жарандарына коммуналдык кызмат көрсөтүү ; -
а) көп кабаттуу үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган ар бир адамга – 25 сомдон,
б) жеке турак үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган ар бир адамга – 20 сомдон,
в) Кара-Суу шаарында жашаган башка мамлекеттин ар бир жарандарына – 80 сомдон бекитилсин.
2.Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | Р.Хатамов. |