Загрузка документа…
КАРА СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №8/6
“Оомат” базарынын тушундагы жерди убактылуу пайдаланууга берүү жана ижара акысы жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын “Оомат” базарынын тушундагы жерди убактылуу пайдаланууга берүү жана ижара акысы боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Оомат” базарынын тушундагы жана шаардын башка жерлерин жарандарга убактылуу пайдаланууга берүү жана ижара акысын келишимдин негизинде белгилөөгө, шаар мэриясына руксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | Р.Хатамов. |