Загрузка документа…
КАРА СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №8/7
Чек ара бөлүкчөлөрүнө шефтик жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 39-69 катынын негизинде жазылган Чек ара кызматынын каты жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын, Чек ара бөлүкчөлөрүнө шефтик жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 39-69 катынын негизинде жазылган Чек ара кызматынын каты боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу чек ара заставасынын жоокерлер мончосунун ремонтуна акча каражаты, бюджеттин 6 айындагы жыйынтыгы менен карап көрүү белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | Р.Хатамов. |