Загрузка документа…
КАРА СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №8/9
Кара-Суу шаар мэриясынын шаардын МЭЗ участкасында жарандарга берилген жер тилкелеринин түрлөрүн аныктоо боюнча шаар мэриясынын алдында комиссиясын түзүү боюнча сунушу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын шаардын МЭЗ участкасында жарандарга берилген жер тилкелеринин түрлөрүн аныктоо боюнча шаар мэриясынын алдында комиссиясын түзүү сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриясына, шаардын МЭЗ участкасында жарандарга берилген жер тилкелеринин түрлөрүн аныктоо боюнча шаар мэриясынын алдында курамында шаардык кенештин депутаттарынан турган комиссиясын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Комиссиянын курамына, шаардык кенештин төмөнкү депутаттары киргизилсин:
- Орозмаматова В
- Турсуналиев Ш
- Исаков М
- Чырмашов И
- Урманов Х
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | Р.Хатамов. |