Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №1
№ 20-Матмуса орто мектебинин директору А. Толубаевтин кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылында жайгашкан № 20-Матмуса орто мектебинин ашканасын талапка жооп беретурган абалда ремонтоо зарылдыгына байланыштуу жазган А. Толубаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Толубаевтин 2019- жылдын 29 - июлундагы № Т - 65 саны менен кириштелген билдирүүсү эске алынсын.
2. Толубаев Абдикеримдин билдирүүсү боюнча № 20- Матмуса орто мектебинин ашканасын ремонттоого 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет,ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков. |