Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №2
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун “Бүргөндү Таза-Суу бирикмесинин” ишин жакшыртуу, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражатын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 23 - июлундагы № 01-16 / 632 саны менен катталган сунушу эске алынсын.
2. Айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, Бүргөндү артезиандык скважиналарды ремонттоо, тазалатууга керектелген 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет,ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков. |