Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №3
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Ж. Каракожоев көчөсүнүн тургуну А.Халиектин арызын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ж. Каракожоев көчөсүнүн тургуну А. Халиевдин Ат-Чабар участогундагы суу жеп жараксыз абалда жаткан 0,50га жер аянтын өз каражатынын эсебинен калыбына келтирип (реконструкциялап) бак тигип пайдаланууга жана үч жылдык салык төлөмдөрүнөн бошотуп берүүгө уруксаат берүүнү сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Халиевдин 2019- жылдын 16 - июлундагы № Х-64 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Аталган жер аянтын өз каражатынын эсебинен калыбына келтирип бак тигип пайдаланууга жана Салык кодексинин 343-беренесинин 7-пунктуна ылайык үч жылдык мөөнөткө салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
3. Аталган жер аянты боюнча эки тараптуу келишимдери түзүп мыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков. |