Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №4
Н. Гараисаевдин арызын арызын кароо жөнүндө
ОсОО “АЗВИРТ” ишканасынын Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Н. Гараисаевдин Бүргөндү айыл өкмөтү аркылуу өтүүчү Ош-Бишкек жолунун жээгинен 2,5 га жер аянтын ажыратып берүүнү сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Гараисаевдин 2019- жылдын 23 - июлундагы № Г- 62 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Аталган жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков. |