Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №5
Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун КРӨнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү, өткөрүү” жөнүндөгү № 690 сандуу токтомун турмушка ашыруу максатында аты жок көчөлөргө ат коюу зарылдыгы боюнча жазган угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 23 - июлундагы № 0-16 / 631 саны менен катталган маалыматы эске алынсын.
2. Аты жок айылдарга ат коюу айыл тургундарынын катышуусунда коюлсун деген сунуштарды эске алып, аты жок айылдарда айыл тургундары менен биргеликте ат коюу иштери жүргүзүлсүн.
3. Ар бир айылда айыл тургундары менен жыйындар өткөрүлүп, жыйындын протоколдору менен сунуштары келээрки сессиянын кароосуна сунушталсын.
4. Бул маселе боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирисин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков. |