Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №6
№ 23-“Келечек” балдар бакчасынын жетекчиси М. Каримованын кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашкан № 23- “Келечек” балдар бакчасынын жетекчиси М. Каримованын балдар бакчасынын печкасын ремонттоо зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М. Каримованын 2019- жылдын 09 - августундагы № К-67 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. № 23- “Келечек” балдар бакчасынын печкасын ремонттоого керектелүүчү 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет,ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков. |