Загрузка документа…
КАЗАН КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели №1
Казан-Куйган айылында жашаган тургундар үчүн таза сууга төлөмдөрдү төлөө жөнүндө
Казан-Куйган айылында жашаган тургундар үчүн таза сууга төлөмдөрдү төлөө максатында Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казан-Куйган айылында короосуна суу киргизген ар бир түтүн ай сайын таза сууга 100 (жүз) сом өлчөмүндө суу акысын төлөсүн. Бул таза суу менен ичүүдөн жана үй шартында тирчилик кылуудан башка нерселерге (бак-дарак ,өсүмдүктөрдү сугарса,сууну бекитпей агызып койсо) бузуулар Кодексинин 74-беренесине ылайык айып пул салынаары эскертилсин.
2.Казан-Куйган айылында жашаган таза сууну суу чорголорунан ташып ичкен ар бир түтүн айына таза сууга 50 (элүү) сом өлчөмүндө суу акысын төлөсүн.
3.Казан-Куйган айылында короосуна суу киргизген ар бир түтүн 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө бир жолку уруксаат төлөмүн төлөсүн, өзү билемдик кылып уруксааты жок үйүнө жана короосуна суу киргизген ар бир түтүнгө бузуулар Кодексинин 75-беренесине ылайык айып пул салынаары эскертилсин.
4.Бул токтомду аткаруу жагы “Алтын-Өмүр булагы” ичүүчү суу пайдалануучулардын коомдук бирикмесине милдеттендирилсин.
Торагасы: | М Шалтаев. |