Загрузка документа…
КАЗАН КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну №1
Казан-Куйган айылындагы “Кара-Ой” чөлкөмүнө электр көмөк чордонун жана чубалгысын орнотуу жөнүндө
Казан-Куйган айылындагы “Кара-Ой” чөлкөмүнө электр көмөк чордонун жана чубалгысын орнотуу максатында Казан – Куйган айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан – Куйган айылынын тургуну Карабагышов Казыбектин макулдугунун негизинде өзүнө тиешелүү болгон жер аянтынан 9 м.кв жер берилсин.
2. 10 кВ аба чубалгысы 150 метр, 0,4 кВ аба чубалгысы-500 метр электр чубалгысы Кара-Ой чөлкөмүнүн негизги чөң жолуна орнотулсун.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Казан-Куйган айыл өкмөт башчысы Ырысбек уулу Элдарга милдеттендирилсин.
Торагасы: | М Шалтаев. |