Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №4/1
Күнтуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-2022-жылдаргакарата киреше-чыгашасы боюнча божомол долбоорун бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши Күнтуу айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясынын корутундусуна таянып, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин:
1.2020-жылга карата - 4859,2 миң сом
2.2021-жылга карата – 5442,4 миң сом
3.2022-жылга карата-5511,2 миң сом
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоору №2 тиркемеге ылайык бекитилсин:
1.2020-жылга карата жалпы суммасы -7475,3 миң сом теңдештирүү грантын эсепке алганда; (2616,0 миң сом)
2.2021-жылга карата жалпы суммасы -8020,4 миң сом теңдештирүү грантын эсепке алганда; (2578,0 миң сом)
3.2022-жылга карата жалпы суммасы -8089,2 миң сом теңдештирүү грантын эсепке алганда; (2578,0 миң сом)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |