Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №4/2
Күнтуу айыл аймагынын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүү үчүн фонд ачуу жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тайгараева Эдита Каныбековнанын маалыматын эске алып, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук райондук администрациясынын 2019-жылдын 07- июнундагы №1314 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун демилгесин колдоп, өзү туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн ишкерлердин эсебинен каражат топтоп, айыл аймактын социалдык-экономикалык маселелерине жумшоо максатында, Күнтуу айыл аймагында атайын фонд ачылсын;
2. Фонд ачуудагы баардык документтерди мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
3. Бул фонд боюнча маалыматты кийинки отурумга толугу менен ФЭБ Т.Аранжанова даярдап алып чыксын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |