Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №4/6
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 2019-жылдын 31-августунда Күнтуу айыл аймагынын мыкты атуулу деген наамды ыйгаруу боюнча
Күнтуу айылдык кеңештин депутаттары талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күнтуу айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын жаштарга, коомчулукка үлгү болуу максатында эл үчүн кызмат кылып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, сырттан инвестиция тартып, эл агартуу жана медицина, спорт, маданият ж,б. чөйрөсүндө көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, өзүнүн үлгүлүү журүм- туруму менен айырмаланган, аймактын өсүп- өнүгүүсүнө, сыймыгын, кадыр- баркын көтөрүүдө салым кошкон жана коомдук иштерге активдүү катышкан төмөнкү жарандарга Күнтуу айыл аймагынын мыкты атуулу наамдары ыйгарылсын:
1. Корголдоев Таалайбек Ишенбекович;
2. Сарткараев Шакир Тилебергенович;
3. Мамбеталиев Адыл Джайнакович;
4. Актан Арым Кубат (Абдыкалыков);
2.Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиев ардактуу атуул боюнча бекитилген жобого ылайык баардык наамдарды даярдасын;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
4.Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып
күчүнө кирет;
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |