Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №4/9
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 2019-жылдын 31-августунда Күнтуу айыл аймагынын жарандарына наамдарды ыйгаруу боюнча
Күнтуу айылдык кеңештин депутаттары талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күнтуу айыл аймагынын башка наамдарын жаштарга, коомчулукка үлгү болуу максатында эл үчүн кызмат кылып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, сырттан инвестиция тартып, эл агартуу жана медицина, спорт, маданият ж,б. чөйрөсүндө көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, өзүнүн үлгүлүү журүм- туруму менен айырмаланган, аймактын өсүп- өнүгүүсүнө, сыймыгын, кадыр- баркын көтөрүүдө салым кошкон жана коомдук иштерге активдүү катышкан төмөнкү жарандарга Күнтуу айыл аймагынын төмөнкү наамдары ыйгарылсын:
1. Козубеков Марат Сатыгулович-Күнтуу айыл аймагынын эң мыкты айылдык кеңешинин депутаты;
2. Сагынов Илгиз Калызбекович -Күнтуу айылынын эң патриот жараны;
3. Канымбеков Адилет Канымбекович Күнтуу айыл аймагынын “ эң мыкты саяпкери;
4. Тайгараева Эдита Каныбековна- Күнтуу айыл аймагынын эң мыкты жооптуу катчысы;
2.Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиев атайын бекитилген жобого ылайык баардык наамдарды даярдасын;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
4.Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |