Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу №5/1
Күнтуу айыл аймагына салына турган көп кабаттуу батирлер боюнча
1. Күнтуу айыл өкмөтүндөгү көп кабаттуу батир салуу үчүн баардык документтери даяр болгон 20-гектар жер аянты, мыйзам чегинде келишим менен көп кабаттуу батирлерди салууга берилсин;
2. Калган трансформациядан өтүп калган 12–гектар жер аянтынын документтери туура эмес болуп калгандыгына байланыштуу башкача бул 12-гектар жер аянтында системалык каттоо боюнча дыйкан чарбага берилгендигине жана бул дыйкан чарба өздөрүнө бөлүнгөн жер аянтынан башка жерге которулушуна каршы болгондугуна байланыштуу, Сокулук райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгына жана айыл өкмөтүнүн башчысына мыйзам чегинде башка жер аянтын карап чыгуусу сунушталды;
3. Күнтуу айыл аймагынан бөлүнүп жаткан 20-гектар жер аянтына бөлүнө турган батирлер, Күнтуу айыл аймагынын эле жашоочуларына бөлүнүп берилсин;
4. Трансформациядан өтүп калган 12-гектар жер боюнча баардык документтер мыйзамдаштырылсын, жана бул жерге да салына турган батирлер Күнтуу айыл аймагында каттоодо туруп жашаган жарандарга эле бөлүнүп берилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
6. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |