Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели №14/1
Капчыгай айыл аймагындагы айылдардагы жашоочуларды жайлоого көчүп конуу жагын тартипке келтирүү жөнүндө
Капчыгай айыл аймагындагы айылдардагы тургундардын жайлоого көчүп конуу жагын тартипке келтирүү максатында Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдагы аба-ырайынын жакшы болуп,жаздын эрте келишин эске алуу менен жайлоого көчүп чыгып кетүүнүн акыркы күнү 2019-жылдын 5- майына белгиленсин.
2. Күздүн күнү жайлоодон көчүп түшүп келүү жагы 2019-жылдын 1-сентябрына белгиленсин.
3. Ушул токтомдо айтылган көчүп конуудагы шартты бузган жарандарга айыл өкмөт тарабынан милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө (Б.Сатылганов) билдирүү берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова. |