Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №18/1
Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын протоколдорунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин. Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын (титулдук тизме) аткарууга жергиликтүү бюджеттен 54192,5 миң сом жана 2019-жылдын 1-январына калган эркин калдыктан 2389,1 миң сом каралганы эске алынсын. Титулдук тизме боюнча аткарылган иштер МММБ департаментинин атайын ачылган эсебинен каржылансын. Асфальттоодон сырткаркы 2015-2018-жылдарда аткарылган иштерден калган карыздар көз карандысыз аудиттин текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен каржылансын (Титулдук тизме тиркелет).
2. Программада белгиленген милдеттердин мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |