Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №18/2
Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 15-февралындагы №154 катынын «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссияларынын отурумунун протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |