Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №18/3
БУУӨПнын 2018-жылда аткарылган долбоорлорун каржылоо үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №7 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталында курулган /ч-Дөбө АКБ реконструкциялоодо негизги магистралындагы 264 пм суу түтүгүн капиталдык оңдоо, «Таштак» кварталынын жаңы конуштарына 1269 пм суу түтүгүн тарттыруу, Улукбек кварталындагы А.Навои көчөсүнө түнкү чырак орнотуу, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-Шоро көчөлөрүнө түнкү чырак орнотуу иштерин БУУӨПнын каржылоосу менен берилип жаткан каражаттардын эсебинен каржылоого МММБ департаментинин 2019-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына 901,7 миң сомго тактоо киргизүүгө макулдук берилсин.
2. МММБ департаментинин 2019-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына мыйзамдуу тактоо киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын начальниги С.Сартбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |