Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №18/4
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине, Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 3-майындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АКШ мамлекетинин “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоору аркылуу Өзгөн шаар мэриясынын имаратынын арткы жагына Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имаратын куруу долбоорун ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 800,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин. АКШ мамлекетинин “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун каржылоосу менен берилип жаткан каражаттардын эсебинен каржылоого МММБ департаментинин 2019-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына 700,0 миң сомго тактоо киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорду 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |