Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №18/5
Өзгөн шаардык муниципалдык жерине ашар жолу менен курулуп жаткан музейдин имаратын 1400 м2 жери менен жана Имам Сарахсий комплексинин 0,40 га жери менен Өзгөн археологиялык архитектуралык музей комплексинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 17-апрелиндеги отурумунун №3 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык жерине ашар жолу менен курулуп жаткан музейдин имараты 1400 м2 жери менен жана Имам Сарахсий комплекси 0,40 га жери менен шаардын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Мыйзамга ылайык жогорудагы жерлерге жана имараттарга тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Абдурахмановго жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы А. Анарбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |