Загрузка документа…
ОТУЗ АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №1
2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарынын негизинде жаңыдан шайланган депутаттардын мандаттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум ɵткɵрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы №63-токтомунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Отуз-Адыр айылдык Кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары көңүлгө алынсын.
2. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин №1 - тогуз мандаттуу Борбордук шайлоо аймагы боюнча Калматов Нурсултан, Адашов Алмазбек, Аматов Акбура, Атанов Данияр, Акыл уулу Актилек, Абдуваитов Рамазан, Беделов Алмазбек, Сатыбаев Жылдызбек жана Аликулов Таалайбектер Отуз-Адыр айылдык Кеңешине депутат болуп шайланышты деп эсептелип, аларга депутаттык мандаттар тапшырылсын.
3. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин №2- беш мандаттуу Кара-Дөбө шайлоо аймагы боюнча Абдимажитов Чынгыз, Калбеков Абдибаит, Жумаев Талантбек, Мурзаев Асабидин жана Эркинбай уулу Өмүрбектер Отуз-Адыр айылдык Кеңешине депутат болуп шайланышты деп эсептелип, аларга депутаттык мандаттар тапшырылсын.
4. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин №3 –жети мандаттуу Кыш-Абад шайлоо аймагы боюнча Сатинбаев Байэль, Саданов Талант, Каимов Акылбек, Нишанбаев Жумабек, Рахимбеков Имом, Абдилазиз уулу Абдимитал жана Туйчиев Алтынбектер Отуз-Адыр айылдык Кеңешине депутат болуп шайланышты деп эсептелип, аларга депутаттык мандаттар тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.А.Калматов. |