ОТУЗ АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2019-жылдын 03-июну №5
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 4-главасынын 28-чи жана 32-беренелеринин жана Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
2. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар:Абдилазиз уулу Абдимитал– төрага, Сатыбаев Жылдызбек – мүчө,Эркинбек уулу Ɵмүрбек-мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
4. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Мурзаев Асабидин- төрага, Каимов Акыл – мүчө,Абдуваитов Рамазан-мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
5. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин билим берүү.медицина жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
6. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин билим берүү,медицина жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар:Аликулов Таалайбек-тɵрага, Саданов Талант-мүчө, Нишанбаев Жумабек- мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
7. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
8. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин админстративдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Беделов Алмазбек-төрага,Аматов Акбуура –мүчө, Жумаев Талант-мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
9. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин маданият,спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
10. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин маданият,спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар; Акыл уулу Актилек-тɵрага, Атанов Данияр-мүчɵ,Сатинбаев Байэль-мүчɵ болуп шайланды деп эсептелсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.А.Калматов. |