Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну №27/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айына бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 27-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айына бекитилген сметасындагы төмөндөгү салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:
Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Барды гы | 2 квартал | |
азайтуу | Көбөй түү | ||||
1 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 14151200 | 548,4 | -548,4 |
|
Бардыгы: |
| 548,4 | 548,4 |
| |
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:
| |||||
Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | 2 квартал | |
азайтуу | көбөйтүү | ||||
70111 | Имараттар жана курулмалар | 3111 | 548,4 | -548,4 |
|
Бардыгы: |
| 548,4 | 548,4 |
| |
3. Жогорудагы акча каражатын 2019-жылдын 6 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага: | З Боронов. |