Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси
2019-жылдын 17-июну №27/5
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айына бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 27-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айына бекитилген сметасындагы төмөндөгү салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
.Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | 2 квартал | 3 квартал |
азайтуу | көбөйтүү | ||||
70111 | Машиналар жана жабдуулар | 3112 | 554,0 | -554,0 | +554,0 |
Бардыгы: |
| 554,0 | 554,0 | 554,0 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2019-жылдын 6 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
Төрага: | З Боронов. |