Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №28/1
Айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө
Айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү депутат, ардагерлер кеңешинин төрагасы А. Иманахуновдун маалыматын, депутаттардын, заседаниеге катышкан өкүлдөрдүн сын-сунуштарын, пикирлерин угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия курамы ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана тартипке келтирүү боюнча жумуш алып барууну жандандырышсын.
2. Каада-салт, ырым-жырымдарды иретке келтирүү, ашыкча чыгымдарды кыскартуу менен айыл аймагынын калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү заседаниенин негизги максаты болуп эсептелсин.
3. Ашыкча каада-салт, ырым-жырымдарды, ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда ар бир айылда ардагерлер, аялдар, жаштар кенештеринен, айыл аксакалдарынан, айыл имамдарынан кошулуп комиссия курамдары түзүлсүн, жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө, ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.
4. Кайсы айылда маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумдун жылдыгы, аш-той өткөрүү ж.б. зарылдык пайда болгон учурда айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссияга кабарлоо жеткирип туруу жагы ар бир айылдын айыл башчысынын жоопкерчилигине жүктөлсүн, ал эми комиссия курамы айыл башчынын маалыматынын негизинде ыксыз чыгымга жол бербөө багытында жумуштарды алып барышсын.
5. Маркумду акыркы сапарга узатууда жана жылдыгын белгилөөдө:
жылкы, бодо мал союуга, сый дасторкон салып конок күтүүгө (адияга) тыюу салынсын. Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге ысык тамак уюштурууга мауркум эгерде жаш адам болсо 1(бир) баш, улгайган адам болсо 2(эки) баш кой гана союлсун.
жакындары бул дүйнөдөн өткөндө куран окутууда жылкы, бодо мал союп, ашыкча чыгым сарптоого тыюу салынсын, батага келгендерге ысык тамак уюштурууга эгерде маркум жаш адам болсо 1(бир) баш гана кой союлуп, аш менен берилсин.
маркумдун үй-бүлө тарабынан жыртыш жыртуу, сандык ачуу, челпек бышыруу жана маркумдун жакындарына кийит кийгизүүнү токтотууга өзгөчө көнүл бурулсун.
маркумдун мүрзөсүн цементтеп, бышкан кыш менен тосуу, мраморго жана башка таштарга сүрөтү чегилген эстеликтерди орнотуу ысырапкерчилик жана жанылыштык экендигин түшүндүрүү менен колунда бар жаранадар маркумга деп арнаган чыгымдарды муктаждарга берүүнү жайылтуу айыл өкмөттүн аймагындагы дин өкүлдөрүнө милдеттендирилсин.
маркумдун жылдыгын белгилөөдө 2 баш кой союуга уруксат берилсин, сый дасторкон салып конок күтүүгө (адияга) тыюу салынсын.
жылдыкта себет алып келүү, союш жетелеп келүү, кийит кийгизүү токтотулсун.
6. Тойлорду өткөрүүдө:
Үйлөнүү тойдо жаштардын ойноп келүүсү (фуршет) атайын кафелерде уюштурулбасын, жол коопсуздугун сактоо максатында машиналардын саны 3 төн ашпасын.
Сүннөт той, тушоо кесүүгө арналган той, бешик той жана башка ушу сыяктуу тойлор жакын туугандары менен гана үйүндө өткөрүлсүн, жылкы, бодо мал союлбасын.
Ашыкча чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууга бөгөт коюуга жеткиликтүү чечимдерин кабыл алуу жагы жергиликтүү айылдык кенештердин сессиясында кароого сунушталсын.
Айтылган жана кабыл алынган айылдык кенештин сессиясындагы, айылдан түзүлгөн комиссиянын, айыл аксакалдарынын кабыл алынган чечимдерин аткарбаган, карама-каршы иштерди жүргүзгөн, текеберликке жол берген айылдын тургундарын, эл алдында уяткаруу чаралары көрүлсүн.
9. Эл арасында каада-салт, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды иретке келтирүү, ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча аткарылып жаткан жакшы саамалыктар массалык-маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жайылтылсын.
10. Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөттүн алдында, ар бир айылда түзүлгөн комиссия курамына, айыл башчыларга жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
11. Ыксыз чыгымдарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссия мектеп, бала бакчада өткөрүлчү иш чараларды да көзөмөлгө алышсын.
12. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына , ал эми көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, өзүмө калтырамын.
Төрага: | З Боронов. |