Загрузка документа…
БЕЛ АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну №20
Мал чарбасында ветеринардык иш чаралардын аткарылышынын абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн вет. адиси Ч.Сманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн вет. адиси Ч.Сманбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Мал чарбасында зооветеринардык эрежелерди кеңири колдонуу,айыл жашоочуларынын кирешесинин негизин түзгөн малдын башын көбөйтүү, жугуштуу ооруларга каршы лабораториялык анализдерди алуу,алдын ала дарылоо, вакцинациялоо иштерин жазгы,күзгү мезгилдерде өз мөөнөтүндө үзгүлтүксүз жүргүзүү,көзөмөл кылуу вет.адис Ч.Сманбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет
Айылдык Кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев. |