Загрузка документа…
БЕЛ АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну №22
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жайыт комитети У.Маралбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайттарды башка максаттарга пайдалануунун тартиби жана түрлөрү боюнча төмөндөгүлөр кабыл алынсын.
-Балчылык боюнча Бел-Алды айыл аймагынын жашоочуларынын бал челектерин коюу үчүн жер аянттарга 1 сотых жерге 50сом ,башка айыл аймактан келген жарандардын бал челектери үчүн 100 сомдон бекитилсин жана жайыт комитетинин уруксаты менен жайгаштырылсын.
-Туризим жана жарандардын эс алуусу боюнча иш жүргүзүү колдоого алынып, 1сотых жерге - 100 сом болуп бекитилсин.
-Отун даярдоого 1куб-1200 сом болуп бекитилсин.
-Жалпы жайылтылган пайдалуу кендерди казуу боюнча руксат алуу документерин даярдоо (топурак,кум,ж.б) Жер адис Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
2.Бардык пландарды, анын ичинде жайыттарды башка максаттарга пайдалануунун жана башкаруунун планын иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик жайыт комитетинин төрагасы У.Маралбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысына калтырылсын.
4. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев. |