Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №121
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча отчету
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысыН.Молдомусаевдин 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
- айыл өкмөттүн аймагында жалпы кичи ишканаларды ачуу,жаңы жумушчу орундарды түзүү;
-айыл аймагындагы жалпы жашоочулардын,атап айтканда короо жай участогунун налогу боюнча жеңилдетүүлөрдү тактап,3-кварталга эсеп баракчаларын камсыздоо;
-жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттарды социалдык обьектилерге жумшалышын камсыздоо;
- айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекемелердин ремонт иштерин өз убагында жүргүзүү ;
4.Айыл өкмөттүн аппараттык кызматкерлеринин кадр маселесин карап чыгуу жагы айыл өкмөт башчысы Н. Молдомусаевге тапшырылсын
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |