Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №122
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймактык инспекторунун 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймактык инспектору, милициянын кенже лейтананты Калый уулу Алмаздын 2019-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймактык инспектору,милициянын кенже лейтананты Калый уулу Алмаздын 6 ай ичинде аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жарандардын өмүрүн,эркиндигин,тынчтыгын,укугун коргоо менен кылмыштуулуктун жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы аймактык инспектор, милициянын кенже лейтенанты Калый уулу Алмазга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |