Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №124
Таза суу жана сугат суулардын берилиши боюнча СПА жана УОСтунаткарган иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдерди ичүүчү таза суу жана сугат суулары менен камсыз кылуу боюнча таза суу боюнча техник Жумагул Абдыкадыровдун жана УОСтун кызматкери Алтынбек Абдыкадыровдунжүргүзүп жаткан иштери боюнчабилдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу боюнча суу технигинин жана УОС,СПА мекемесинин элди таза суу жана сугат суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Таза суунун берилишинде тазалыгын сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана водозабордун тазалыгын сактоо, хлорлоо иштерин жүргүзүү,Таза суу чыгуучу суу чорголорунун керектүү болгон эмеректерин сактоо менен элди үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылып туруу жагы суу техник Ж.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
3. Айдоо жерлерди сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу, элдин сууга болгон талабын канаттандыруу Жетиген айылына жана Такталык участкасын өз убагында сугат суу менен камсыз кылуу жагы СПАнын башчысы Арапбаев Зарыпбекке, УОСтун Үч-Терек зооналдык жетекчиси А.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
4.Өзүн өзү каржылоодон түшкөн акча каражатын үнөмдөп таза суу сакталуучу жайга кулп салып,күзөтчү коюу жагы колго алынсын.
5.Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевге,УОСтун Үч-Терек зооналдык жетекчиси А.Абдыкадыровгомилдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |