Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №125
Үч-Терек айылаймагындасоциалдыкмаселелербоюнча 6 айичиндежүргүзүлгөништербоюнча Токтогул райондуксоциалдык өнүгүүбашкармалыгынын Үч-Терек айыл аймагындагы соц.тейлөөчүлөрүнүнжүргүзгөништери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагында социалдык маселелер боюнча 6 ай ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үч-Терек айыл аймагындагы соц.тейлөөчүлөрүнүн жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Социалдык маселелер боюнча төмөндөгү иштерди аткаруу жагы Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үч-Терек айыл аймагы боюнча соц.тейлөөчүлөрүнө жана айыл өкмөтүн соц.адисине милдеттендирилсин
-тоголок жетим жана жарым жетим балдардын, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы эс алуусун уюштуруу жана ушул иш чараларды уюштурууда коомдук уюмдар жана кайрымдуулук фонддор менен бирге иш алып баруу;
-турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык, медициналык жана психологиялык –педагогикалык жардамдарды көрсөтүү;
-жалгыз бой, багар көрөрү жок кары картаңдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өз убагында үйлөрүнө барыпматериалдык жардамдарды көрсөтүү;
-жарандардын суроо талаптарына, кайрылууларына өз убагында жооп берүү;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |