Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №126
Үч-Терек айыл аймагында социалдык маселелер боюнча Жетиген айылынын Арал участкасындагы Култеков Эмилдинүйүнөн күн батышты карайТ. Молдалиевге чейинки көчөгөсогуштун ардагери маркум Мурзалиев Абдилеттин ысымыныйгаруу жөнүндө
Мурзалиев Абдилет 1924-жылы Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган, улуту кыргыз, билими орто.
Эмгек жолун 1936-жылы колхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Колхоздо Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылдарында орукта иштеп, 1942-жылы 18 жаш курагында Советтик Армиянын катарына аскердик кызмат өтөөгө чакырылган.
1942-жылдан 1944-жылга чейин № 115-чек арада, 1945-жылы май айынан 1946-жылдын август айына чейин № 23-чек арада кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин да Советтик Армиянын катарында 1948-жылга чейин аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. Аскердик чини ефрейтор.
1948-жылы өзү туулуп өскөн кичи мекенине келип, 1949-жылдан 1952-жылга чейин Үч-Терек совхозунда бригадир болуп эмгектенген.
1952-жылдан 1970-жылга чейин Үч-Терек совхозундагы уй фермада жумушчу болуп иштеген.
1981-жылдан баштап Жетиген айылдык почтасында почталён болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Сыйлыктары:
Фашисттик Германиянын баскынчылыгынан Литва өлкөсүнүн бошотулушунда көрсөткөн эрдиги үчүн I даражадагы медаль менен сыйланган.
1985-жылы Улуу Жеңиштин 40 жылдык медалы,1995-жылы Улуу Жеңиштин 50 жылдык медалы, бир нече ар кандай даражадагы медалдар жана район, облусттук даражадагы грамоталар менен сыйланган.
Мурзалиев Абдилет Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгек ардагери, 5 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялаган, эл арасында кадыр барктуу адам болгон. 1999-жылы дүйнөдөн кайткан.
Жетиген айылынын Арал участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Үч-Терек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Калманбетованын сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетиген айылынын Арал участкасындагы Култеков Эмилдин үйүнөн күн батышты карай Т.Молдалиевдин үйүнө чейинки көчөгө согуштун ардагери маркум Мурзалиев Абдилеттинысымы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнүн үйлөрүнө үй номерлерин ирээти менен илүү, жыл сайын көчөнүн тазалыгына көңүл бөлүү, жарыктандыруу жана жолдорун оңдоп түзөө жумуштарын аткарып, көзөмөлгө алып туруу жагы уул-кыздарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун жыл сайын аткарылышын көзөмөлгө алып туруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |