Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №127
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүнугуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинин 2218-статьясына,Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын ата-энелеринен түшкөн жыйым 846600 сом акча каражатын жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттик эсебинин 2218 статьясына 546605 сом акча каражатын отургузуп берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген айылында АРИС долбоору тарабынан жаңы курулуп жаткан ФАП жайына 200000 (эки жүз миң) сом өздүк салым үчүн Аппараттын 3111 статьясына эмерек сатып алууга каралган 100000 (бир жүз миң) сом жана компьютер сатып алууга каралган 100000 (бир жүз миң) сом акча каражаты муктаждыкка байланыштуу которулсун.
3.Жогорудагы балдар бакчаларынын тамак-ашына бекитилген 1393,2 миң сом акча каражатынын чыгымдалышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комиссиясына билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин бюджет жана каржы комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |