Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №128
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылга долбоору 15269,8 мин сомго, анын ичинен өздүк киреше 9102,4 мин сом, теңдөөчү грант 4593,4 миң сом, атайын каражаттар 1574,0 миң сомго болжолдуу долбоору жактырылсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга божомолу 15634,6 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 9125,8 миң сомго, теңдөөчү грант 4874,8 миң сом, атайын каражаттар 1634,0 миң сомго болжолдуу долбоору жактырылсын.
3.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбору 15210,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 9150,8 миң сомго, теңдөөчү грант 4459,9 миң сом, атайын каражаттар 1600,0 миң сомго болжолдуу долбоору жактырылсын.
4.Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |