Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №131
Үч-Терек айыл өкмөтүнө спец фонддон 150,0 мин сом айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсебине келип түшкөн акча каражатын жумшоо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө спец фонддон 150,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсебине келип түшкөн акча каражатын жумшоо боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн спец фонддон 150,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсебине келип түшкөндүктөн Саргата айылындагы күрөш залынын ремонтунун эмгек акысына каралсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222-статьясына 150,0 мин сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3.Жогорудагы Саргата айылындагы күрөш залынын ремонтунун уста акысы каралган 150,0 сом акча каражатынын чыгымдалышы боюнча айылдык Кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |