Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №2
Кеңеш айыл өкмөтүндө коомдук тартип боюнча аткарган иштери жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын аймактык тескөөчүсү А.Арзиевдин 2019-жыл 6 ай ичинде аткарган маалыматын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү А.Арзиевдин 2019-жылы 6 ай ичинде аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И.Каипов. |