Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №4
Совет айылы Аттокуров көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Совет айылы Аттокуров көчөсүндө Иегово (Жахаба) диний уюмунун офисинин уюшкандыгынан, элдердин 16.08.2019-жылдагы Элдик жыйындын протоколун, Кенеш айыл Окмотунун орун басары У. Саиповтун сунушун, Кенеш айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Б. Джуманазаровтун баяндамасын, жергиликтүү тургун Калбаев Баймураттын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө Йегово күбөлөрүнүн жамааты тиешелүү мамлекеттик органдарынан каттоодон өтпөстөн туруп Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылындагы Аттокуров көчөсүнүн № 54-үйдө жүргүзүп жаткан курулуш жумуштарына байланыштуу, Йегово күбөлөрүнүн жамаатынын иш жүргүзүүсү Кыргыз Республикасындагы № 288, 31.12.2008-жылы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамынын” 5-беренесинин 4-пунктуна, 22-беренесинин 6-пунктуна каршы келип, жергиликтүү жашоочулардын каршылыгын пайда кылгандыктан, массалык баш аламандыктын алдын алуу максатында, мыйзасыз жүргүзүлүп жаткан үгүт, насаат (прозелитизм) иштерине бөгөт коюулуп укук коргоо органдары жана ЖӨБ органдары тарабынан аткарууга алынсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И.Каипов. |