Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №6
Кеңеш айылдык кеңешинин № 8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин 03.12.2018-жылдын VII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясынын № 8 токтомуна өзгөртүү киргизүүдө Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор айылынын жашоочуларынын элдик жыйындын протоколун негиздеп Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коткор айылынын тургундарынын 14.11.2018-жылдагы жыйналышынын протоколуна негиз Коткор айылындагы жаңы көчөгө Каримов Зулумбектин ысымы берилсин.
2. Аталган көчөнү Каримов Зулумбек деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Каримов Зулумбектин тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И.Каипов. |