Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Каражыгач айылынын тургуну Раманова Анаркандын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Каражыгач айылынын тургуну Раманова Анаркандын уулу Орозбай уулу Ильязбектин ден соолугу начар болуп даарыланууга акча каражат жетишпей жазган кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Каражыгач айылынын тургуну Раманова Анаркандын арызын канааттадыруу боюнча жарандарга берилүүчү материалдык жардам эсебинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты тогуз айдын жыйынтыгы менен бөлүнүп берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И.Каипов. |